Бул - «Дискаверинин» тарыхындагы 128 учуу. Башында шейшембиге пландалган учуу алгач бороон-чапкындан, кийин техникалык себептерден кийинкиге калтырылган эле. Жети астронавт түшкөн чөлмөк Жердин орбитасында турган бекетке жети тонна илимий жабдык, азык-түлүк, керек-жарактарды ташып баратат.