Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:29

Электр энергиясын берүүнү чектөө киргизилет


Энергетика, өнөр жай жана отун ресурстары министрлигинин маалыматы боюнча октябрь айына чейин Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 12 млрд метр кубдан ашып түшөрү күтүлүүдө. Жалпысы болуп 2009-жылдын аягына чейин суу сактагычтагы суу 13 млрд. 332 млн. метр кубга жетет деген ишеничте энергетиктер. Бул өткөн жылкы көрсөткүчкө караганда дээрлик 3,5 млрд. метр кубга көп. Ошентсе да суунун кескин азаюусунун алдын алуу максатында быйылкы жылы электр энергиясын чектөө кайрадан киргизилет. Энергетика, өнөр жай жана отун ресурстары министрлиги чектөөнү түнкү саат 12ден тартып, 5 саатка өчүрүүнү пландоодо. Мындай чектөөдөн ооруканалар, мектептер, бала бакчалар жана өнөр жай ишканалары бошотулат.
Азырынча электр энергиясын чектөө качантан тартып киргизилери тууралуу маалымат жок.(ZKo)

XS
SM
MD
LG