1969-жылы башында 28 жаштагы офицер Муамар Каддафи турган аскерлердин чакан тобу падыша Идриске каршы мамлекеттик төңкөрүш уюштурган. Аналитиктердин баамында, 6 күнгө созула турган иш-чаралар менен Ливия жетекчилиги мурда санкциялардан улам обочодо калган мунайга бай өлкө эми бизнес үчүн ачык деген ишара бергиси келет. Бирок бир нече күн мурун Каддафи 1988-жылкы теракт үчүн Шотландия соту тарабынан өмүр аягына чейин кесилген ливиялык агентти каарман катары кабыл алып, эл аралык коомчулуктун дагы бир сынына кабылды.