АКШ жана Куба эки өлкө ортосундагы почта байланышын жандандыруу тууралуу сүйлөшүүлөрдү баштайт. Дипломатиялык чөйрөдөгү булактардын маалымдашынча, сүйлөшүүлөрдүн биринчи айлампасы 17-сентябрга белгиленген. Жакынкы мезгилде АКШнын Кубага киргизген чектөөлөрдүн мөөнөтү аяктайт. “Эл аралык мунапыс” уюму АКШ президенти Барак Обаманы санкциялардын мөөнөтүн дагы бир жылга узартпоого чакырды.