Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:29

Аймактык коопсуздук маселелери талкууланууда


Бүгүн Бишкекте Борбордук Азиядагы коопсуздук маселелерине арналган семинар башталды. Ал Женевадагы коопсуздук саясат боюнча борбор жана Норвегиядагы эл аралык иштер боюнча институт менен болгон кызматташтыктын алкагында өткөрүлүүдө. Эки күндүк семинарга Евразия, Чыгыш жана Түндүк-чыгыш Азия, Европа жана АКШнын коопсуздук саясаты боюнча талдоочулары катышып жатышат. Семинарда Афганистан менен Грузиядагы кризистин Борбор Азиядагы коопсуздук саясатына тийгизген таасири, геосаясат, Казакстандын 2010-жылы ЕККУда төрагалык кылышы, региондогу ЖККУнун жана Шанхай кызматташтык уюмунун ролу ошондой эле АКШнын, Кытайдын, Орусиянын, Ирандын жана Индиянын Борбор Азияга карата ролу өңдүү темалар талкууланат.
Иш чаранын соңунда негизги жыйынтыктар боюнча Женевадагы коопсуздук саясаты боюнча борбор тарабынан Женевалык документ жарыяланат. (AzK)

XS
SM
MD
LG