Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:27

Иран: Дагы бир маданий төңкөрүш болобу?


Хаменеи президент Ахмединежаддын (артта) өкмөтүнө жаңы тапшырма берди
Хаменеи президент Ахмединежаддын (артта) өкмөтүнө жаңы тапшырма берди

Иранда жогорку окуу жайларда окуу эмки айда башталат. Студенттер аудиторияларга кайтып келээрдин алдында бийликтеги динаятчылар университеттерди азыркыдан да исламдаштырып, жаңы маданий төңкөрүшкө даярданып жатабы деген тынчсыздануу жаралууда.

Гуманитардык илимдерди окутуу студенттер арасында ислам дини тууралуу шектенүүнүн жана бүдөмүк түшүнүктөрдүн жайылышына алып келет.

Мына ушундай пикирин ортого салган Ирандын улук жол башчысы Аятолла Али Хаменейи ушул аптада өкмөт менен Жогорку Маданий Төңкөрүш кеңешине бул маселеге олуттуу мамиле жасоону эскертти.

Айрым байкоочулардын пикиринде, Хамейнинин мындай эскертүүсү өлкөдөгү университеттер менен маданий мекемекерге каршы жаңы өнөктүккө түрткү бериши мүмкүн. Иранда университеттерде окуу үч жумадан кийин башталат.

Өлкөдө 1979-жылы исламдык түзүлүш орногондон бир жылдан кийин маданий төңкөрүш жүргүзүлгөн. Максат университтерди Батыштын таасиринен арылтып, окутууну исламдык жоболорго ылайыкташтыруу болгон.

30-августта профессорлор жана өзүн Алланын жердеги өкүлү деп ишенген басижи студенттери менен жолугушууда Хаменеи «гуманитардык илимдердин көбү материализмге, кудайчыл жана исламдык окууларга ишенбөөгө негизделген» деди.

Ал Ирандагы үч жарым миллион студентттин дээрлик эки миллиону гуманитардык илимдерди окуп жатканын тынчсыздантуучу кырдаал деп мүнөздөдү. Хаменейи чогулгандарга мындай суроо менен кайрылды:

- Биз өзүбүз гуманитардык илимдер боюнча канча исламдык изилдөө жүргүздүк? Бул жаатта канча китеп жарык көрдү? Биздин профессорлордун канчасы исламдык жоболорго ишенет? Андайлардын канчасы социология, псохология же башкаруу сабактарын окутууга даяр?

Гуманитардык илимдерге каршы чабуул быйыл июндагы президенттик шайлоодон кийинки толкундоолорго байланыштуу камалган таанымал реформисттердин үстүнөн сот иштеринде башталган.

Айыпталгандардын бири реформист-теоретик Саед Хажарян өзү кетирген «каталары» жана «туура эмес анализи» үчүн кечирим сураган. Хажаряндын урук-туугандары буту-колу шал окумуштуу түрмөдө тескери көрсөтмө берүүгө мажбурланганын айтышууда.

Окумуштуу «Батыштык социалдык теорияларды, анын ичинде немис социологу Макс Веббердин «султанизм» тууралуу теориясын пайдаланганым ката» болгон деген эле.

«Султанизм» деген түшүнүктү Веббер мамлекет башчысы эл башкаруунун бардык чөйрөсүндө эч чектөөсүз үстөмдүк кылган авторитардык бийликти мүнөздөө үчүн колдонгон.

Айрымдар азыр Иранда иш жүзүндө Макс Вебер жана башка батыштык ойчулдар соттолуп жатышкандыгын белгилешүүдө.

Көп байкоочулар бийликтердин гумманитардык илимдерге басым жасашы президенттик шайлоодон кийинки толкундоолор менен түздөн-түз байланышкан деп эсептешет.

Гасем Шоле Саади – Тегеран Университетинде эл аралык байланыштар профессору. Ал "Азаттыктын"фарсы кызматы болгон "Фарда" үналгысына бийликтер жаңы толкундоолорду болтурбаш үчүн дагы бир маданий төңкөрүш өткөрүшү мүмкүн экендигин билдирди. Бирок ал мындай кадам Исламдык жумурияттагы кризисти гана тереңдетет деп эсептейт:

- Исламдык төңкөрүштүн алгачкы жылдарында университеттерди жаап салышкан, демек баш оору да жок болчу. Азыр эгер жогорку окуу жайларын жабышса, же студенттер көчөгө чыкса, бул кризисти (гана) билдирет.

Ирандык профессордун пикиринде, либералдык көз караштагы окутуучулар менен студенттерди бутага алуу, же гуманитардык илимдерди окутпай кою өзгөрүүгө жана социалдык реформага болгон умтулууну токтото албайт.

Гуманитардык илимдерден Иран бийликтери эмнеге коркот? Тегеранда англис адабиятын окуган студенттин көз карашында, мындай илимдер адамдын көзүн ачат, Ирандагы кырдаалды түшүнүүгө мүмкүндүк берет, демек өзгөрүүгө болгон умтулууну күч алдырат. «Бийликтердин тынчсыздануусун түшүнсө болот, аларга өз алдынча ойлонбогон, тил алчаак студенттер керек» дейт ал.

Студенттер укук талашып, демократияны тереңдетүүнү талап кылып чыккандан бери, университеттер бийликтердин чекесине чыккан чыйкан болду. Университтерге жана студент активисттерге кысым күч алып, көбү окуудан четтетилди. Айрым профессорлор эс алууга кетүүгө мажбурланган. Бирок азыр «тазалоонун жаңы айлампасы» башталып жаткан болушу мүмкүн.

Президент Ахмединежаддын биринчи мөөнөтүндө билим берүү министри болгон Мохаммад Мехди Захеди жакында азыр университеттерди исламдаштыруу милдети коюлуп жатканын билдирди. Анын сөзү боюнча, бул пландын үстүнөн азыр Имам Хомейни атындагы изилдөө институту иштеп жатат. Андан тышкары студенттердин жаңы чыгууларына жол бербөө үчүн окуунун башталышы кечеңдетилиши мүмкүн деген сөздөр тарады.

Июндагы президенттик шайлоодон кийинки куугунтуктоолордо коопсуздук күчтөрү жатаканаларга чабуул жасап, бир нече студент каза тапкан эле.

XS
SM
MD
LG