Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:40

Темир Сариев: Реформа боюнча жооптон суроо көп...


“Ак шумкар” партиясынын төрагасы Темир Сариев партиянын азыркы позициясы жана башкаруу системасын реформалоо боюнча суроолорго жооп берди.

- Темир мырза, “Ак шумкар” партиясы жакын арада партиялык конференция чакыра турган болуп атат экен. Анда кандай маселелер коюлат?

- Кечээ партиянын саясий кеңешинин жыйыны болду. Анда сентябрдын аяк ченинде, же октябрдын башында партиянын конференциясын өткөрүү боюнча чечим кабыл алынды. Анда 2-3 маселе каралат. Биринчиси, өлкөдөгү азыркы саясий абал жана ага «Ак шумкардын» берген баасы. Экинчиси болсо, мамлекетте болуп аткан орчундуу маселелер боюнча «Ак шумкар» партиясы өзүнүн позициясын айтып, кээ бир сунуштарды көргөзөт.

- “Ак шумкар” партиясынын бийликке карата позициясы кандай болот?

- Биз кечээ сүйлөшкөндө партиянын позициясын дагы сүйлөштүк. Өзүбүздүн багыттарыбыз, иштеп чыккан программабыз бар. Эгер ошол программаларга туш келип, ошол багытта кандайдыр бир иш чаралар болуп атса ошолорду биз колдоого алабыз дедик. Ал эми туура эмес кылынып аткан, же кылынбай аткан иштер боюнча биздин позициябыз катуу бойдон кала берет.

- Темир мырза, мына президент Курманбек Бакиев бакшаруу системасын реформалоонун жол-жобосун жарыялады. Анын жалпы багыты туурабы?

- Жалпы багыты бул реформа, өзгөчө бийлик системасын алмаштыруу боюнча көптөн бери эле айтылып келатат, бул учурдун талабы. Ошол багыттар боюнча айтылды. Бирок бул бүгүнкү күндө сөз бойдон калып атат. Башка иш аракеттер, же кандайдыр бир кыймылдар боло элек. Ошон үчүн азыр эрте, мүмкүн бул сөз бойдон калабы, же чын эле кандайдыр бир иш чаралар башталабы деп элдин баары күтүүдө. Эгерде ушундай күтүү узакка созулуп кетсе, албетте анда бул өзүнүн терс таасирин көргөзө баштайт. Анткени министрлер, ар түрдүү башкара турган органдар күтүүдө болуп, мен ушул жерде каламбы, же мени алып коебу деп эле отурат. Айтылгандан бери мына 10 күн өтүп калды.

Кечээ президенттин катчылыгынын кызматкери Султан Жумагулов жумушчу топ 22синде гана сунуштарын берет, андан кийин гана Жогорку Кеңешке киргизилет деп. Бул кичине узарып кетип атат. Экинчиси, президент Конституцияга өзгөртүү киргизем деп четин чыгарып айтып койду. Кандай өзгөрүүлөр болот, эмне өзгөрөт, бул маселе боюнча да абдан чоң суроолор пайда боло баштады. Ошол эле убакта башкаруу системасында абдан чоң баш-аламандыктар бар. Булар чечилген жок. Ушул бизди абдан кооптондуруп турат. Мунун артында эмне жатат, муну терең түшүнүш керек, ойлонуш керек.

- Катчылыктын күчөшү, ага коммерциялык, улуттук долбоорлордун баш ийдирилиши максатка ылайыктуубу?

- Мен ойлоп атам, азыркы айтылган сөзгө караганда, катчылыкты абдан катуу күчтөнтөбүз деп атат. Ошол эле убакта администрацияны жоебуз деп атышат. Буга чейин эгер элдин баары, биз эмес, башкаруу системасында, институтта иштеген адамдар, администрация өзүнө тиешелүү болбогон функцияларды алып алды десе, келечекте катчылык да ошондой болуп калбайбы, чоң монстр органды түзүп койбойбу деген дагы кооптонуу бар.

Албетте эң негизгиси - бул конституциялык эмес, чечими жок, бирок кеңешчи орган деп эки орган түзүлүп атпайбы, бири курултай, экинчиси кеңешме. Булар дагы абдан чоң кооптонууга алып келиши мүмкүн. Анткени ушуларга шылтап коюп, мүмкүн президент бир топ чечимдерди катуу кабыл ала баштайт. Эгерде аягында жоопкерчилик кимде десе, мына мен курултай түзгөм, ошолордун кеңеши менен бердим дегендей да болуп кетиши мүмкүн. Ошол эле убакта Жогорку Кеңеш эмне функцияларды аткарып калат, алардын акыбалы кандай болот, бул дагы бир топ суроолорду туудуруп атат. Азырынча иши кылса жооптон суроо көп. Биз да ошол маселелер боюнча өзүбүздүн позициябызды айтабыз деп турабыз.

- Маегиңизге рахмат.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG