Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:32

Кабул аэропортунда жардыруу болду


Кабулдун эл аралык аэропортунда жан кечтинин жардыруусунан кеминде 2 киши каза болду. Бир нече кишинин жараланганы маалымдалууда. Расмий булактардын ырастоосунда, набыт кеткендер карапайым адамдар болчу. Полиция жан кечти жардыргыч затка толтурулган машинасын аэропорттун кире беришинде жардырганын билдирди. Кол салуу үчүн жоопкерчиликти Талибан өзүнө алды. Талиптердин маалымат өкүлү алар НАТОнун кербенин жардырууну көздөшкөнүн айтып, аскерий 3 машина талкаланганын кошумчалады. НАТО болсо терракттын чоо-жайы азырынча белгисиз экенин маалымдады. Ооган баш калаасындагы аэропорт буга чейин да бир нече жолу согушкерлердин бутасы болуп келген.

XS
SM
MD
LG