Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:22

Кубанычбек Кадыров сотко кайрылды


Социал-демократиялык фракциянын лидерлеринин бири Иса Өмүркуловдун “Азаттыка” билдирүүсүнө караганда, Кубанычбек Кадыров ага карата козголгон кылмыш иштин мыйзамдуулугун текшерүүнү өтүнүп сотко кайрылды. Ошондуктан сот бул маселени карап бүткөнгө чейин Кадыровдон депутаттык кол тийбестикти алуу боюнча Башкы прокуратуранын өтүнүчүн карабай туруу депутаттарга сунушталды. Бирок ал сунуштун кабыл алынышы белгисиз. “Ошондуктан депутаттар бейшемби күнү Кадыров боюнча комиссия түзүүсү мүмкүн”, деди Өмүркулов. Бийлик Кубанычбек Кадыровду 23-июлдагы Балыкчыдагы окуяны уюштуруучу катары айыптоодо. Азыркы мезгилде Кубанычбек Кадыровдун өзү менен байланышуу мүмкүн эмес болуп жатат.(AiT)

XS
SM
MD
LG