Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:39

К. Кадыровдун кол тийбес макамын алуу маселеси каралат


Буга байланыштуу Башкы прокуратуранын өтүнүчүн бүгүн “Ак жол” фракциясы карады. Буга чейин бул маселени парламенттеги эки комитет карап, социал-демократтар фракциясынын мүчөсү Кубанычбек Кадыровду кол тийбестик макамынан ажыратуу боюнча убактылуу комиссия түзүү чечимин чыгарган. “Ак жол” фракциясы бүгүнкү отурумунда комитет токтомун колдоого алып, фракциянын атынан төрт депутатты: Рашид Тагаев, Асанбек Байтиков, Алишер Сабиров жана Ирина Летованы комиссияга киргизүүнү сунуштады.

Коммунисттер жана социал-демократтар фракциялары бул маселени түштөн кийин кароосу күтүлүүдө. Эртең бул маселе парламенттин жалпы отурумуна алып чыгылуусу айтылууда.

Социал-демократтар фракциясынын мүчөсү Кубанычбек Кадыровго Башкы прокуратура тарабынан 23-июлда Балыкчыдагы баш-аламандыкты уюштуруучу катары айып тагылып, кылмыш иши козголгон.

Кубанычбек Кадыров ага карата козголгон кылмыш иштин мыйзамдуулугун текшерүүнү өтүнүп сотко кайрылды.(ZKo)

XS
SM
MD
LG