Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:26

Төрөттөн өлгөн аялдар үчүн дарыгерлер жооп берсин


Мындай талапты ЖК депутаты Ибрагим Жунусов парламентте койду. Ал Бишкек шаарындагы төрөт үйүндө аз убакыттын ичинде төрт келиндин төрөттөн каза болгондугун жана Лейлек районундагы төрөт үйүндө каза тапкан келинге байланыштуу маселе жогорку деңгээлде каралып, иликтенүүгө алынышы керек деп эсептейт. Депутат Динара Молдошева кесиптешин кубаттап, мындай окуяларды көз жаздымда калтырбай, Бишкектеги перинаталдык борбордун жетекчилигин жоопко тартууну сунуштады. Үстүбүздөгү жылдын июль-август айларында Бишкектеги №4 перинаталдык борбордо төрт келин төрөттөн каза болгон.(ZKo)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG