Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:06

АКШнын өкүлү ооган шайлоосуна баа берүүдө ашыкпоого чакырды


АКШнын Ооганстан жана Пакистан боюнча атайын өкүлү Ричард Холбрук Би-Би-Сиге берген интервьюсунда белгилегендей, Ооганстандагы шайлоо боюнча кандайдыр бир жыйынтык чыгаруудан мурун өлкөнүн шайлоо комиссиясынын соңку тыянагын күтүү зарыл. Бюллетендердин 90%дан ашууну саналгандан кийинки маалыматтарга караганда, учурдагы президент Хамид Карзай добуштардын 54%ын топтогон. Бул шайлоонун биринчи айлампасында эле жеңип чыгуу үчүн жетиштүү. Шайлоо күнү, 20-августа орун алган мыйзам бузуулар ырасталганына байланыштуу Ооганстандын Улуттар уюму колдогон шайлоо комиссиясы 80ден ашуун шайлоо бекеттиндеги добуштардын санагын жокко чыгарды.

XS
SM
MD
LG