Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:53

Ирандын жогорку лидери бүгүнкү жума намазда эскертүү жасады


Аятолла Али Хаменеи Тегеранда жума намазга чогулгандар алдындагы бүгүнкү сөзүндө режимдин оппоненттерине эскертүү жасап, Ислам республикасына каршы күрөшкөндөрдүн кимиси болбосун “катуу каккы” жээрин белгиледи. Бирок ал расмий өкүлдөр арасындагы сын жана айрымачылык кабыл алынарын кошумчалады.

Жогорку лидердин мындай эскертүүсү июндагы талаштуу президенттик шайлоодон кийин көчө демонстрацияларына чыккан ирандыктарга багытталды окшойт.

Иран оппозициясы президент Ахмадинежаддын шайлоодогу жеңишин жасалма деп эсептеп, ал Ислам республикасынын соңку 30 жылдык тарыхындагы эң ири толкундоолорго алып келген эле.

Аятолла Али Хаменеи шайлоодо олуттуу бурмалоо менен коштолду деген ырастоолорду четке кагып, көчөдөгү зордук –зомблуктар үчүн жеңилген талапкерлер жоопкер болорун эскерткен.

XS
SM
MD
LG