Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:38

Ошто “Хизбут-Тахрирдин лидеринин үйү тинтилди


Ош шаардык милиция кызматкерлери тыю салынган “Хизбут-Тахрир” уюмунун лидерлеринин биринин үйүн тинтүүдө диний-экстремисттик маанайдагы 87 баракча, 2 китепче, 32 диск жана номерлери өчүрүлгөн ИЖ-18, 20 маркасындагы курал табышкан. 15-сентябрда үйү тинтилген 1975-жылы туулган А.Р. аттуу инсан диний араздашууларды козутканы үчүн буга чейин кылмыш жообуна тартылган. Тергөө иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы бүгүн кабарлады.
XS
SM
MD
LG