Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:56

Бүгүн Балыкчыда сот жараяны улантылат


Балыкчы окуясы боюнча 16-сентябрдагы соттук отурумда айыпталуучу Канат Сопиевдин иши биринчи каралды. Аны менен кошо 2 жабырлануучу көрсөтмө берди. БЭКтин Ысык-Көл боюнча координатору Канат Сопиев 23-июлда милиция кызматкерлери кармагандан кийин атайын даярдыктагы жоокерлер тарабынан катуу сабалганын, ошондон кийин ден-соолугу кескин начарлаганын билдирди. Ал эми жабырлануучулар болсо соттолуп жаткандарга доосу жок экенин ырастады. Бул тууралуу сотко катышкан Ысык-Көлдөгү кабарчыбыз билдирди. Маалыматка караганда, сотто 19 айыпкер, 55 күбө 6 жабырлануучу суралмакчы. Камалгандарга “Конститутциялык түзүлүшкө каршы чыккан”, “Президенттик шайлоого тоскоолдук кылган” жана “Баш аламандык уюштурган” деген айып тагылган. (AJ)

XS
SM
MD
LG