Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:25

Жогорку сот И. Исаковдун доо арызын канааттандырды


БЭКтин лидерлеринин бири, мурдагы коргоо министри Исмаил Исаков Бишкек гарнизондук сотунун судьясы Жакыпбек Бектемировго ишеним көрсөтпөө арызы менен Жогорку сотко кайрылган. Бүгүн бул маселени Жогорку сот карап, анын өтүнүчүн канааттандырды. Адвокат Мукар Чолпонбаевдин “Азаттыкка” билдиргени боюнча эми Бишкек гарнизондук соту башка судья дайындоого тийиш. Анын айтуусунда судья Ж. Бектемировго ишеним көрсөтпөө анын коомдук коргоочуларга жана адвокаттарга жасаган мамилесинен улам келип чыккан.

Мурдагы коргоо министри И. Исаковго кызмат абалынан пайдаланган, 8-Мартка карата министрликтеги аялдарды куттуктоого, Жаңы жылды майрамдоого акча каражатын бөлдүргөнү үчүн айып тагылып, сотко ашырылган.

Исмаил Исаков жана бириккен оппозиция муну бийлик тарабынан жасалып жаткан саясий куугунтук деп баалап келишет.(ZKo)

XS
SM
MD
LG