Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:55

Чек ара казууда Өзбекстан кыргыз аймагына кирип кеткен


Бул тууралуу “Азаттыкка” чек араны тактоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын кыргыз тарабынын башчысы Саламат Аламанов бүгүн билдирди. Анын айтымында, май айында жиберилген чакырууга Өзбекстан жооп бербегендиктен чек ара сүйлөшүүсү болбой жатат. Кыргыз-өзбек чек арасындагы абалды көрүп бүткөндөн кийин бүгүн Жалал-Абатка келген Саламат Аламановдун билдиришинче, Өзбекстан Баткен окуясынан кийин Ала-Бука районундагы 1-май айыл өкмөтүндөгү жол ортосу менен өткөн чек арага тикенектүү зым тосмо менен мамыларын орноткон. Араван, Ноокат райондоруна да тосмолор коюлган. Аларды жылдыруу ТИМ аркылуу Өзбекстанга билдирилет. Коңшу өлкө өз чек арасын казуу маалында Кадамжай районуна 2- 3 метр кирип кеткен. Аксынын Байкыштак айылына 60- 100 метр кирген өзбек техникасын кыргыз чек арачылары токтоткон. (YA)

XS
SM
MD
LG