Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:11

АКШ ракетадан коргоонуу системасын жакшыртат жана өзгөртөт


АКШ ракетадан коргонуу боюнча мурда пландалган системасын өзүн жана өнөктөштөрүн жакшыраак коргоо үчүн кайра караары тууралуу бүгүн Вашингтондон президент Барак Обама жарыялады. Обаманын Ак үйдөн сүйлөгөн сөзү учурунда белгилегенине караганда, жаңы саясаттын максаты АКШны жана анын Европадагы өнөктөштөрүн “бекемирээк, күчтүүрөөк жана ийкемдүүрөк” коргоого багытталган. Ал система Орусиядан эмес, Ирандан коргонууга эсептелгенин баса белгиледи.

Ал эми АКШнын коргоо министри Роберт Гейтстин президент Обамадан бир аздан кийин Пентагондон сүйлөгөн учурунда билдиргенине караганда, пландын биринчи баскычында ракета кармоочу жабдуулары бар кемелер 2011-жылга карата Европанын түндүгүндө жана түштүгүндө жайгаштырылат. Андан соң Жерге негизделген ракеталар Бобордук Европада орнотулмакчы:

-Экинчи бачкыч 2015-жылдын тегереги. Бул жаңыланган, Жерге негизделген SM-3 үлгүсүндөгү коргонуу ракеталарын камтыйт. SM- 3 ракетасынын жаңы үлгүсүн жана системанын башка компоненттерин кабыл алуусу боюнча Польша, Чехия республикасынан тартып, өнөктөштөр менен консультациялар башталды.

АКШнын мурдагы президенти Буштун администрациясы Чехияда радарды, ал эми Польшада ракета кармоочу жабдууларды камтыган система толугу менен 2012-жылдан тарта иштей баштаарын билдирген эле.

Вашингтондун ал планына Орусия кескин каршы чыккан.

Эми соңку кадам Чыгыш Европада АКШнын Орусия менен алакасын жакшыртуу аракети анын аймактагы өнөктөштөрүнүн эсебинен жасалабы деген тынчыздануулар айтылып жаткан учурга туш келди.

XS
SM
MD
LG