Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:24

К. Кадыровду жоопкерчиликке тартууга комиссия макул болду


Социал-демократиялык фракциянын мүчөсү Кубанычбек Кадыровду депутаттык кол тийбестиктен ажыратуу маселесин караган депутаттык комиссия мына ушундай чечим чыгарды. Мындай чечим менен депутаттарды комиссиянын төрагасы Х. Коркмазов тааныштырды. Анын айтуусунда К. Кадыровду кол тийбестиктен ажыратуу маселесинде Башкы прокуратурадан, милициядан кошумча маалыматтар алынган. Эми бул маселе парламенттин жалпы отурумуна чыгарылмакчы.

Социал-демократтар фракциясынын мүчөсү Кубанычбек Кадыровго Башкы прокуратура тарабынан 23-июлда Балыкчыдагы баш-аламандыкты уюштуруучу катары айып тагылып, кылмыш иши козголгон. Оппозициялык бириккен кыймыл Балыкчыда баш-аламандыктардын чыгышына добуш берүү учурундагы мыйзамсыздыктарга жол берген жергиликтүү бийликти күнөөлөп, депутат Кубанычбек Кадыровдун айыпталышын саясий куугунтук катары баалап келишет.(ZKo)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG