Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:00

Зыяратчылар заманбап самолеттер менен учат


Быйыл Меккеге барчу зыяратчылардын жаңы, заманбап семолеттор менен уча турганын бүгүнкү маалымат жыйында Граждандык авиация департаментинин жетекчиси Александр Настаев билдирди. Анын айтымында, атайын ажыга аттангандар үчүн быйыл төрт самолет ижарага алынган. Алырдын экөө “Боинг”. “Ижарага алынган самолеттордун эскиси 1999-жылы чыгарылса, жаңысы 2008-жылкы. Алардын бардыгы талаптарга жооп берет” - деди А.Настаев. Департаменттин жетекчиси самолетторду жаңыртуу менен Европа кеңеши киргизген кара тизмеден чыгууга мүмкүнчүлүк түзүлөрүн белгиледи. Зыяратчылардын биринчи бөлүгү 1-ноябрда уча турганын Кыргызстандагы авиакомпаниялардын биринин өкүлү Таалай Окенов билдирди. Анын айтымында, самолеттор Ош жана Бишкек шаарларынан учуп, күнүнө 15 каттам аткарылат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG