Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:58

Францияда экс-өкмөт башчынын соту башталды


Парижде Франциянын мурдагы премьер-министри Доминик де Вилпендин үстүнөн сот башталууда. 55 жаштагы де Вилпен бир нече жыл мурун азыркы президент Николя Саркозинин кадырын кетирүү боюнча кутум уюштурган деп айыпталууда. Ал кезде эки саясатчы тең консервативдүү партиянын атынан президенттикке ат салышуу үчүн күрөшүп жатышкан. Экс-премьер айыптуу деп табылса, 5 жылга чейин түрмөгө кесилиши ыктымал. Де Вилпен өз күнөөсүн танып жатат. 2004-жылы Саркозинин ысымы курал-жарак сатууга малынган паракорлор делинген саясатчылар менен ишкерлердин тизмесинде пайда болгон. Киийн сот ал тизме фальсификцияланган деген жыйынтыкка келген.

XS
SM
MD
LG