Бүгүн Бишкекте “Улуттук тилдин бүгүнкү абалы жана эртеңкиси” аттуу эл аралык илимий конференция өтөт. "Мамлекеттик тил жөнүндөгү" мыйзамдын кабыл алынышынын 20 жылдыгына арналган бул иш-чарага кыргызстандык илимпоздордон тышкары АКШдан, Индиядан, Кытайдан, Казакстандан келген адистер катышат. Конференцияга мамлекеттик мекемелердин жетекчилери да чакырылган. (BuS)