Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:00

“Бир дүйнө” “Акыйкатты издөө” менен башталат


Бүгүн Бишкек шаарында адам укуктарын чагылдырган “Бир дүйнө” деп аталган даректүү тасмалардын үчүнчү эл аралык фестивалынын ачылыш аземи болот. Фестиваль Монголия режиссеру Уранчимег Нансалдын “Акыйкат издөө” даректүү фильми менен башталат. Анда Дархан деген кичинекей шаарчанын жашоочусу “Дархан периси” атка конгон татынакай, таланттуу, билимдүү, бирөөнүн жакшынакай жары, мээримдүү эне Болорчимегдин тагдыры тууралуу баяндалат. Ал билимдүү болом деп үмүттөнүп, тынбай иштеп, өзүнүн үй-бүлөсү үчүн абдан кам көрөт. Бирок анын жашоосу ал ойлогондой болбой, күйөөсү акча табам деп кеткен бойдон жоголот. Тасма Болоричмегге жогорку кызматта иштегендердин мамилеси, адилетсиз көз караштар, өз кызыкчылыгын гана ойлогон адамдар туурасында уланат. Ушул сыяктуу даректүү тасмаларды камтыган фестивалда 15тей фильм көрсөтүлөт. 23-сентябрда “Саламатсыңбы күнүм” (Кыргызстан), “Мен үчүн добуш берип кой” (Кытай ), “Ыйык китептин көлөкөсү” (Финляндия) тасмалары менен уланат. Бул тууралуу “Азаттыкка” фестивалды уюштуруучулардын бири Төлөйкан Исмаилова билдирди. (КЕ)

XS
SM
MD
LG