Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:33

Президент долбоорлор менен таанышууда


Президенттик катчылыктын аналитикалык кызматынын жетекчиси Мелис Жунушалиевдин “Азаттыка” бүгүнкү билдирүүсүнө караганда, президент Курманбек Бакиев башкаруу системасын реформалоо боюнча Каныбек Жороев башында турган комиссия иштеп чыккан долбоорлор менен таанышууну улантып жатат. Ошондуктан Конституция жана мыйзамдарды өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорлордун парламентке качан жолдонушу азырынча белгисиз.
Оппозиция лидерлери менен президенттин жолугушуу мүмкүнчүгү тууралуу суроого Мелис Жунушалиев андай мүмкүнчүлүк тууралуу кабары жок экенин билдирди. Айрым маалымат каражаттарынын жазуусуна караганда, оппозиция өкүлдөрү саясий куугунтуктарды токтотуу боюнча президент менен түзмө-түз жолугушууну өтүнүшүүдө. (AiT)

XS
SM
MD
LG