Мао Цзедундун небереси 39 жашында Кытайдын Элдик боштондук армиясынын генералы деген наамга ээ болду. Аскерий тарыхчы Мао Шинйю Мао Цзедундун экинчи баласы Мао Анчингтин уулу. Ал 1970-жылдары туулган Кытайдагы алгачкы генерал болуп калды. Мао Цзедун Чанкайшинин улутчулдарына каршы 20 жыл күрөшүп, 1949-жылы Элдик Кытай жумуриятын түзгөн. “Улуу жолбашчы” деген атка конгон Мао өлкөнү 1977-жылга чейин башкарган. Ал 4 жолу үйлөнүп, 9 балалуу болгон.