Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:15

ДБ Кыргызстандагы энергетикалык коопсуздук үчүн


Нью-Йоркто өтүп жаткан Улуттар уюмунун 64-ассамблеясынын алкагында кыргыз өкмөт башчысы Игорь Чудинов бүгүн Дүйнөлүк банктын аткаруучу директору Мишел Мордасини, вице-президентинин милдетин аткаруучу Пенелопа Брук, Европа жана Борбор Азия боюнча вице-президенти Филипп Ле Уэру менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет. Жолугушуу маалында энергетика маселеси да козголуп, Дүйнөлүк банк өкүлдөрү «SACA 1000» долбоору алкагында Кыргызстандан жана Тажикстандан электр энергиясын Түштүк Азияга экспорттоо иштерине көмөк көрсөтүү ниетин билдирди. Ошондой эле жолугушуу маалында Бишкектеги Жылуулук электр станциясын реконструкциялоо маселеси көтөрүлдү. Дүйнөлүк банк өкүлдөрү Кыргызстандагы энергетикалык коопсуздук үчүн Кара-Кече көмүр кенинде жылуулук станциясын куруу сунушун киргизди. (EK)

XS
SM
MD
LG