Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:40

Иранда уран байытуучу заводдон экөө бар


Тегеран уран байытуучу экинчи заводунун бардыгын ачыктаганы жөнүндө аты аталбаган дипломатарга шилтеме жасап, Батыш маалымат агенттиктери кабарлады. Дипломаттардын айтымында, Иран экинчи заводу жөнүндө МАГАТЭнин башчысы Мохамед эл-Барадейиге ушул дүйшөмбүдө жолдогон катында билдирген. МАГАТЭ менен байланышы бар дипломаттын сөзүнө караганда, Иран катында уран байытуучу экинчи жайы али тажрыйба жүргүзүү деңгээлинде экенин, азырынча ишке кирише электигин билдирген.

Буга чейин Иран уран байытуучу жайлардан бирөө гана бардыгын моюнга алган эле. Эми экинчи жайды ачыктоосу БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу беш мүчөсү жана Германия өкүлдөрү ирандык тарап менен анын талаштуу өзөктүк программасынын айланасындагы кырдаалды талкуулоодон бир нече күн алдыда болду.

Байытылган уранды өзөктүк отун катары, ошол эле учурда өзөктүк курал жасоо үчүн да колдонулат.

Уран байытууну токтотуу жөнүндөгү талаптарды аткарбаганы үчүн БУУнун Коопсуздук кеңеши Иранга каршы үч ирээт санкция киргизген.

XS
SM
MD
LG