Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:29

Бүгүн Пакистандагы жардырууларда 15 адам өлдү


Банну шаарында полициянын бөлүмүндөгү жардырууда алты адам набыт болду. Ондогон киши жаракат алды. Полициянын кабарына ылайык, дүрмөттөлгөн машине полициянын бөлүмүнө кирип, жарылган. Андан имарат катуу жабыркаганы, коңшулаш жайгашкан имараттар да бузулганы айтылды. Бул жардырууну талиптер жасашканын айтып чыгышты.

Андан бир аз өтүп-өтпөй Пешавар шаарында аскерлер менен банк жайгашкан жерде дүрмөттөлгөн дагы бир машине жарылып кетти. Машинелер турчу бул жердеги жанкечтинин жардыруусунан 20дай машине кыйраганы, имараттын маңдай жагы бузулганы айтылды. Пешавардагы окуяда тогуз адам набыт болду.

Бүгүнкү кандуу окуялар талиптердин жолбашчысы Байтулла Мехсуд өлгөнүнө карабай, баары бир алар кандуу террор актыларына бара ала тургандыгын көрсөтөт. Мехсуд 5-августта Түштүк Важиристанда ракета чабуулунан өлгөн эле.

XS
SM
MD
LG