Жогорку Кеңештин маалымат кызматынын билдирүүсүнө караганда, 28-29-сентябрда Чолпон-Атада Жогорку Кеңеш менен Россиянын Федералдык жыйынынын ортосундагы кызматташуу боюнча Парламенттер аралык комиссиянын экинчи отуруму болот. Жыйында Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу боюнча эки өлкөнүн өкмөттөрү жетишкен келишимдин, Россиянын Кыргызстанда жашаган, Кыргызстандын Россияда жашаган жарандарынын укуктук статусуна байланыштуу келишимдин жана илимий багытта кызматташуу боюнча макулдашуунун аткарылышы талкууланат.(AiT)