Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:28

“Ак жолчу” депутат С. Сакебаев мандатын өткөрдү


“Ак жол” партиясынын төрага орун басары, депутат Табылды Орозалиевдин билдиргенине караганда Советбек Сакебаев саламаттыгына байланыштуу депутаттык мандатын өткөрүп берди. Сакебаевдин депутаттыктан кетишинде “эч кандай саясий шылтоо жок жана ал “Ак жол” партиясынын катарында кала берет” деп билдирди Табылды Орозалиев бүгүн журналисттер үчүн уюштурулган маалымат жыйынында. Советбек Сакебаев - “Абдыш ата” компаниясынын президенти.

Буга чейин президент Курманбек Бакиев башында турган бул партиянын парламенттик фракциясынан жаңгак жаңжалына байланыштуу Жогорку Кеңештин төрагасы Адахан Мадумаров, фракциянын башчысы Элмира Ибраимова Жогорку Кеңештеги өз кызматтарын өткөрүп беришкен. Ошондой эле парламенттик шайлоодон кийин Кыргыз-Славян университетинин ректору Владимир Нифадьев, Травматология жана ортопедия боюнча Бишкек борборунун директору Сабыр Жумабеков, Улуттук филармониянын директору Керим Турапов мандаттарын өткөрүп беришип, өз кызматтарына кайтышкан. (BuS)

XS
SM
MD
LG