Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:18

Израилдин коргоо министрин каматуу аракети ишке ашкан жок


Эхуд Барактын Британиядан камалышын Палестинага жантарткан активисттер көздөгөн эле. Бирок адвокаттардын айтымында, Лондондун соту мындай арыздарды Барак чет өлкөнүн жогорку даражалуу расмий өкүлү катары дипломатиялык иммунитетке ээ экенин жүйөө кылуу менен четке какты. Палестинаны колдогон активисттер Израилдин коргоо министри былтыр кышта Газа секторуна жасалган чабуул учурундагы согуш кылмыштары үчүн жоопкер деп эсептешет. Ал чабуулдан 1400дөй палестин каза тапкан. Улуттар уюмунун бул жаңжаал боюнча соңку иликтөөсүндө согуш кылмыштары эки тараптан тең жасалганы айтылат. Британияга азыр бийликтеги Лейбоисттик партиянын курултайына катышуу үчүн келген Эхуд Барак аны камоо аракеттерин “абсурд” деп атады.

XS
SM
MD
LG