Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:30

Ирандын уран байытуучу жайы эртеңки жолугушууда талкууланат


Ирандын уран байытуучу жана өткөн аптада гана белгилүү болгон экинчи заводуна байланышкан маселени эртеңки жолугушууда талкуулоону пландап жатканы жөнүндө АКШ билдирди. Ак үйдүн өкүлү Робберт Гибстин айтымында, “дүйнөгө өзөктүк программасы өзөктүк курал өндүрүүчү жашыруун программа эмес, энергия алууну гана көздөгөн, тынч максаттагы программа экенин көргөзүүсү” Ирандын өзүнө гана көз каранды. БУУнун Копсуздук кеңешинин туруктуу беш мүчөсү: АКШ, Британия, Кытай, Орусия Франция жана Германия менен Ирандын өкүлдөрү Женевада эртең жолугары күтүлүүдө.

Мунун алдында кечээ Ирандын атомдук энергия боюнча мекемесинин башчысы Али Акбар Салехи Тегеран Женевадагы жыйында уран байытуу боюнча Кум шаарындагы экинчи ишканага тиешелүү маселени талкуулабасын айткан эле. Ал ошондой Иран уран байытуу багытындагы иштерин “бир секундга” да токтотпой турганын кошумчалаган. Байытылган уранды өзөктүн отун катары, ошол эле учурда өзөктүк курал жасоо үчүн да колдонууга болот.

Иранда уран байытуучу экинчи завод бар экенин АКШ президенти Барак Обама өткөн аптада Британия жана Франция лидерлери менен чогуу жарыялаган. Алар Иранды заводдун курулушун жашыруун сактап келгени үчүн айыпташкан.

XS
SM
MD
LG