Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:19

Ээнбаш өспүрүмдөргө кылмыш иши козголду


Бишкектеги Олимпиадалык резерв боюнча республикалык окуу жайдын сегиз окуучусуна Кылмыш Кодексинин 234-беренеси боюнча ээнбаштык кылды деген айып коюлуп жатат. Укук коргоо органдарынан билдиришкендей, 28-сентябрда Бишкектеги Олимпиадалык резерв боюнча республикалык окуу жайдын 10-11-классынын 50 окуучусу Лебединовка айылындагы №2 мектеп- гимназиясынын жана №38 мектептин эшик терезелерин таш менен уруп сындырып, массалык мушташ уюштурганга аракет кылышкан. Анын кесепетинен мектептин үчүнчү жана жетинчи класстын окуучулары, тарбиялык иштер боюнча директордун орун басары жаракат алышкан. Эгер өспүрүмдөрдүн күнөөсү далилденсе, алар төрт жылдан жети жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.(AzK)

XS
SM
MD
LG