Ирландиянын премьер-министри Брайан Коуэн анын мамлекети “чечүүчү” добушун берген күн “Ирландия үчүн жана жалпы Европа үчүн жакшы күн болду” деди. Бүгүн (ишембиде) Ирландияны бир топ европалык лидерлер – Еврокомиссиянын жетекчиси Жозе Мануэл Баррозу менен Германиянын канцлери Ангела Меркел – кечээки референдум үчүн макташты. Кечээ Ирланияда Лиссабон келишими боюнча референдум өткөн. Анын расмий жыйынтыгы бүгүн кечке жуук чыгат. Бирок шайлоо бекеттеринде жүргүзүлгөн сурамжылоонун жыйынтыгына карганда, келишимди көпчүлүк шайлоочулар колдогон өңдүү.