Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:44

Нобел сыйлыгы америкалык окумуштууларга ыйгарылды


Нобел сыйлыгынын быйылкы алгачкы лауреаттары белгилүү болду. Бүгүн медицина тармагындагы жеңүүчүлөр жарыяланды. Нобел комитети америкалык Элизабет Блэкбөрн, Кэрол Грайдер жана Жэк Шостактын хромосомдордун клеткадагы корголушу жөнүндөгү ачылышын жогору баалашты. Алардын ачылышы рак жана адамдын улгайышы тармагындагы изилдөөлөрдө пайдаланууда. 3 окумуштуу 1, 42 миллион доллар сыйлыкты бөлүп алышат. Эртең физика, 7-октябрда химия тармагындагы сыйлыктын ээлери жарыяланмакчы.

XS
SM
MD
LG