Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:29

Алайда зилзаланын курмандыктарын эскеришти


Алай районун акими Алмазбек Осмоновдун «Азаттыкка» маалымдашынча, Нура айылындагы Мониев атындагы орто мектеп туптуура бир жыл мурун зилзаладан набыт тапкан 25 окуучусун эскерди. Маркумдардын бейитине жана алар тирүү кезинде олтурган парталарына гүлчамбарлар коюлуп, кылык-жоруктарын камтыган баяндар көрсөтүлүп, апаат туурасында балдар тарткан сүрөттөр менен коштолду. Былтыр, 5-октябрдын түнүндөгү жети баллдык жер титирөөдөн улам Нура кыштагы бүтүндөй кыйрап, жалпысынан 75 адам каза тапкан эле. Чукул кырдаал министрлигинин жана курулуш-архитектура агенттигинин жардамы аркасында жабырлануучуларга 152 үй, ошондой элек бир катар социалдык обектилер курулуп тапшырылды. (ATo)

XS
SM
MD
LG