Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июнь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:07

Пакистан АКШ узак мөөнөттүү милдетте алышын көздөйт


Бул тууралуу Пакистан тышкы иштер министри айтты. Шах Мехмуд Куреши Вашингтондо АКШнын Мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон менен сүйлөшүү өткөргөн соң Кошмо Штаттарды Пакистан менен Ооганстанда жана жалпы эле Түштүк –Азия чөлкөмүндө стабилдүүлүк менен экономикалык өнүгүүнү камсыздоо үчүн узак мөөнөткө эсептелген милдеттеме алууга чакырды. Ал Вашингтонду 1989-жылы СССР чыгып кеткен соң Ооганстанга көңүл бурбай койгонун эске салып, мурдагы каталардан сабак алууга үндөдү.

Ал эми АКШ Мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтондун айтымында, Вашингтондун Исламабад менен өнөктөштүктөгү максаттарына коопсуздукту чыңдоо, Пакистандын туруктуу экономикалык өнүгүүсүн камсыздоо жана өлкөнүн согушкерлерге каршы күрөштөгү соңку ийгиликтерин бекемдөө кирет.

АКШнын аймакта милдеттемеси бар экенин белгиси ирээтинде Конгресс өткөн айда Пакистанга жардамды алдыдагы беш жылда мурунку 1,5 миллиарддан үч эсе - 7,5 миллиард долларга көбөйтүүнү караган мыйзамды жактырды. Документке жакын арада президент Барак Обама кол койору күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG