Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:45

Cелден Аксынын тоо айылдары жабыркады


Бир күн мурда жааган нөшөрлөгөн жамгыр райондун Кара-Суу жана Кара- Жыгач айылдарына бир топ залал алып келди. Чарба кыштагында 30 турак жайдын короосун суу басып, суу бөлүштүргүч жай иштен чыкты. Жүзүм-Жан айылындагы суу каналга миң метр аралыкта өткөн аптадагы селден жаңы тазаланган Эшме-Сай жана Камашты-Сай каналдарына 250 метрге чейин таш-кум, сел агындылары толуп чыкты. Аблетим суусу багытын өзгөртүп, Тор- Камыш каналынын жээктерин жууп жатат. Бүгүн аталган айылдарда Өзгөчө кырдаал министрлигинин техникалары тазалоо жумуштарын улантты. (YA)

XS
SM
MD
LG