Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:42

Петровка чатагына байланыштуу сот 15-октябрда уланат


Петровка чатагы боюнча айыпталып жаткандардын адвокаты Азимбек Бекназаровдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча бүгүнкү соттук териштирүүдө суралган жабырлануучулар өздөрүнүн арыздарынан баш тартышкандыгын билдиришти. Алар 26-апрель күнү Петровкада болгон чатакты уюштурган деп айыпталып жаткан Э. Бөлөкбаевге, У. Рыскуловго жана С. Аргынбаевге дооматтары жоктугун сотто көрсөтмө берген учурда айтышты. Ушундай эле мазмундагы көрсөтмөнү 10-октябрда болгон соттук териштирүүдө суралган жабырлануучулар да билдиришкен.

“Жашылдар” партиясынын лидери Э. Бөлөкбаев, “Болуш” ассоциациясынын президенти С. Аргынбаев жана укук коргоочу У. Рыскулов Петровка чатагын уюштурган деп айыпталып, 27-апрелде камалышкан.

26-апрелде Чүйдүн Петровка айлында 4 жашар кызды зордуктаган күрт улутундагы А. Осмоновдун жазасыз жүргөнүнө кыжырданган кыргыз-орус тургундары күрттөрдүн айылдан чыгып кетүүсүн талап кылышкан. Натыйжада баш-аламандык орун алып, бир нече күрт улутундагы үй-бүлөлөрдүн үйлөрү талкаланган. Айылда мындай кырдаалдын түзүлүшүн шарттаганы үчүн Москва районунун акими, райондук ИИБ башчысы жана прокурор кызматынан алынышкан. 27-августта 4 жашар кызды зордуктады жана анын таянеси Ольга Ещенкону өлтүрдү деп айыпталган күрт улутундагы жигит Абдулла Осмоновду Москва райондук соту 20 жылга эркинен ажыраткан.(ZKo)

XS
SM
MD
LG