Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:33

Жогорку Соттун судьясы бошотулууда


Коммунисттик фракциянын бүгүнкү жыйынында Жогорку Соттун судьясы Акылбек Маткеримовду кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу тууралуу президенттин сунушу каралды. Коммунисттер президенттин сунушун колдоп берди. Эми бул маселе 15-октябрда парламенттин пленардык отурумунда каралат. Коммунисттик фракциянын депутаттары ошондой Социалдык фонддун келекри жылга бюджетин да карашып, аны парламенттин кароосуна алып чыгууну чечишти. Бул маселе да бейшемби күнү Жогорку Кеңеште каралат. Социалдык фонддун төрайымы Тажикан Калимбетованын маалымдоосуна караганда, келерки жылы пенсия 14-15% өсөөрү белгиленүүдө. Бул тууралуу ЖКнын маалымат кызматынан кабарлашты. (AiT)

XS
SM
MD
LG