Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:45

Сапар Төрөбековдун сүрөт көргөзмөсү ачылат


Бишкектеги “Аль-Хаят” сүрөт-галереясында Кыргыз эл сүрөтчүсү Сапар Төрөбековдун 35 эмгектен турган “Өз жеримде” аттуу сүрөт көргөзмөсү ачылат.

Кыргыз эл сүрөтчүсү Сапар Төрөбеков Москвадагы Суриков атындагы сүрөтчүлүк институтун 1969-жылы аяктап, ошол убакыттан бери сүрөт жаратуу жана жаш сүрөтчүлөргө билим берүү менен эмгектенип келатат. Сүрөтчүнүн эмгектери негизинен реалисттик багыттагы пейзаж жана портреттер.

Эртең “Аль-Хаят” галереясында ачылганы жаткан көргөзмөгө Кыргыз эл сүрөтчүсү Сапар Төрөбеков төмөнкүчө токтолду:

- Аталган көргөзмөгө соңку эки жыл ичинде Ысык-Көлдүн Кажы-Сайында жараткан эмгектерим коюлуп жатат. “Аль-Хаяттын” Кажы-Сайда да галереясы бар. Анда 40 дай эмгегим турат. Негизи менин көргөзмөмдү “Аль-Хаят” колдоо көрсөтүп өткөрүп жатат.

Сапар Төрөбековдун Гапар Айтиев атындагы мамлекеттик көркөм сүрөт музейинин фондуна 53 эмгеги, Пекиндеги мамлекеттик галереяга 3 иши жана Москвадагы Третьяков галереясына бир иши алынган. Андан сырткары сүрөтчүнүн айрым иштери Кыргыз көркөм сүрөтүнүн Японияда, Польшада жана батыш Европанын бир катар өлкөлөрүндө өткөн көргөзмөлөрүнө катышкан. Сапар Төрөбековдун Аль-Хаят галереясына коюлуп жаткан иштери 300 доллардан 800 долларга чейинки баада сатыкка да коюлуп жатат. Сапар Төрөбековдун пикиринде мындай көргөзмөлөрдүн өтүп турушу – чыгармачылыкка чоң өбөлгө түзөт:

- Көргөзмөнүн өтүшү – сүрөтчү үчүн экзамен деп ойлойм. Элдин да пикирин угасың, өзүңдү өзүң да сырттан карайсың. Мунун кийинки иштериңе жардамы чоң болот.

Кыргыздын таланттуу сүрөтчүлөрү Семен Чуйков, Абдрай Осмонов, Сапар Төрөбековдор чыгармачылык жакын байланышта болушкан. Кыргыз эл сүрөтчүсү Абдрай Осмонов Сапар Төрөбековдун чыгармаларын жогорку профессионалдуулуктагы иштер деди:

- Сапар Төрөбеков эми кыргыздын эл аралык деңгээлдеги сүрөтчүсү да. Бекерге “Эл сүрөтчүсү” деген наам берилбесе керек. Анын эмгектеринин башкы өзгөчөлүгү – жогорку профессионалдуулугунда. Анын иштери бир көрүнүштү жөн эле көчүрүп койгонунда эмес. Сапар Төрөбековдун сүрөттөрүнүн өзгөчөлүгү – ошол ишке жан дүйнөсүнүн кубатын арнагандыгында.

Сапар Төрөбеков ажайып кыргыз жерин көркөм боекко алууну дагы улантмакчы жана Кыргызстандын аймактарын кыдырып тартсам деген максаты бар. Сүрөткерлердин пикиринде ар бир сүрөткер бир эле жайды ар башкача көрүшү мүмкүн. Чыгармачылык менен кошо эл сүрөтчүсү 40 жылдан бери билим берүү жаатын да аркалап келатат. Анын айтымында кийинки убакта чыгармачылыкка баш-оту менен ыкласын койгон жаштар аз:

- Мурда сүрөт тартууга берилген жаштар көп эле. Азыр андай эмес. Көпчүлүк жаштар көп изденишпейт. Албетте табиятынан таланты барлар – тартпа десең да тартышат да. Андай таланттарыбыз аз болсо да бар.

Кыргыз эл сүрөтчүсү Сапар Төрөбековдун “Аль-Хаят” галереясында эртең саат 17 де ачылганы жаткан жеке көргөзмөсү эки жумага созулат.

XS
SM
MD
LG