Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:05

Парламентте шаардык кеңештин депутаттары үчүн эшик ачык


Жогорку Кеңештин маалымат кызматынын билдиришинче, кыргыз парламентинин 70 жылдык юбилейине карата бүгүн шаардык кеңештин депутаттары үчүн “Ачык эшик күнү” уюштурулду. Шаардык кеңештин депутаттары бир күн бою парламенттин мыйзамдык ишмердүүлүгү, профилдик комитеттердин, фракциялардын иши менен жакындан таанышат. Төраганын орун басары Кубанычбек Исабековдун айтымында, Жогорку Кеңеш менен шаардык кеңештин ортосунда тыгыз байланыш болушу керек. Парламенттин депутаттары кызматташуу боюнча шаардык кеңештин депутаттарынын сунуштарын угууга даяр. 22-октябрда мындай акция Чүй облусунун жергиликтүү кеңешинин депутаттары жана жогорку окуу жайдын студенттери үчүн өткөрүлөт. (AzK)

XS
SM
MD
LG