Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:58

Кыргызстанда жылына он гана кардиолог даярдалат


Мындай маалыматты саламаттыкты сактоо министри Марат Мамбетов парламентте ушул маселеге байланышкан өкмөттүк саатта билдирди. Министрдин айтымында, өлкөдө 25 кардиолог даярдалышы керек болсо, каражатка карап квота кыскартылган. Кыргызстанда 200дөн ашуун адистиктер боюнча 12 миңден ашуун врач бар. Парламенттик жыйында Жалал-Абадда абал начар экендиги, адистер жетишпей, бөлүмдөр жок экендиги айтылды.
Жылына кардиологиялык жардам көрсөтүүгө бюджеттен 14 млн. сом бөлүнөт. Министр бул каражат 10 пайыз муктаждыкты гана жаба турганын, операция болчу 100 кишиге жетерин билдирди. Кыргызстанда айына 500 киши оппереция га муктаж болот. (КЕ)

XS
SM
MD
LG