Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:18

Түркмөнстан газын кайра сатууга тыю салууну көздөөдө


Мындай жарыяны кечээ түркмөн өкмөт башчысынын орун басары Баймурат Хожамухаммедов жасады. Анын айтымында, түркмөн өкмөтү көгүлтүр отту ортомчулардын үчүнчү тарапка кайра сатуусуз соодалоону көздөөдө. Бул тууралуу Түркмөнстан газ экспорту боюнча Орусия менен жаңы макулдашуу түзүүгө жакындап калгандай деген маалыматтар тараган учурда айтылды. Түркмөнстандын Орусияга газ экспорту быйыл апрелде газ куурунда орун алган жарылуудан улам токтогон эле. Ага чейин Орусия Түркмөнстандан алган газды европалык керектөөчүлөргө сатып келген.

Азыр Түркмөнстан жылына 80 миллиард кубометр газ өндүрөт. Быйыл декабрдан тарта ал көгүлтүр отун эки жаңы куур аркылуу Кытай менен Иранга жөнөтө баштоосу белгиленген. Набукко деп аталган куур аркылуу түркмөн газына жетүүнү Евробиримдик да көздөөдө. Набукко - Каспийдин газын Европага Орусиянын аймагына кирбестен жеткирүүнү караган долбоор.

XS
SM
MD
LG