Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:59

БУУ: Хамид Карзай мыйзамга баш ийерин билдирди


Бириккен улуттар уюмунан билдиришкендей, уюмдун баш-катчысы Пан Ги Мун дүйшөмбүдө эрте менен ооган президенти Хамид Карзай менен сүйлөшкөн. Алар БУУнун жетекчилигиндеги комиссия Ооганстандагы шайлоонун добуштарынын бир бөлүгүн “жараксыз” деп тапкандан кийин жолугушканы кабарланды. Сүйлөшүүдө Карзай өлкөнүн Баш мыйзамына баш ийерин, эгер мыйзам талап кылса, өзүнүн негизги атаандашы, мурдагы Тышкы иштер министри Абдулло Абдулло менен президенттик кызмат үчүн күрөштө экинчи айлампага катышууга да даяр экенин билдирген.

XS
SM
MD
LG