Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:10

Бирдиктүү маалымат кызматы түзүлөт


Президент К. Бакиевдин бүгүн билдиргенине караганда маалымат кызматы мамлекеттик каттоо агенттигинин курамында болот. Мындан ары ИИМ паспорттук стол, транспортторду каттоо милдетинен да бошотулуп, бул кызматтар мамлекеттик каттоо агенттигине киргизилет. Мунун себебин мамлекет башчы жалпы өлкө боюнча бирдиктүү маалымат кызматы болушу керек деп түшүндүрдү.

Ошондой эле экономикалык кылмыштардын баарын каржы полициясы иликтөөгө алмакчы.

Өнөр жай тармагы мындан ары экономикалык жөнгө салуу министрлигинин курамына, баңзаттарга каршы күрөшүү агенттиги ИИМдин курамына киргизилди. Социалдык төлөмдөрдү салык инспекциясы жүргүзө турган болду.

Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттик өкмөткө көз карандысыз өзүнчө мамлекеттик агенттик болот.(ZKo)

XS
SM
MD
LG