Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:17

Пакистанда жанкечтилердин жардыруусунан алты киши каза тапты


Окуя башкаала Исламабадда болду. Жергиликтүү расмий өкүлдөрдүн билдиргенине караганда, эки жанкечти өзүн Ислам университетине караштуу имараттар ичинде жардырган. Өмүрү кыйылган алты кишинин ичинде жанкечтилердин өздөрү да бар, мындан сырткары 20дай киши жаракат алган. Өлкөдө соңку апталарда болгон удама –удаа кол салуулардан 170ден ашуун киши каза тапкан эле. Ага жооп кылып Пакистан армиясы өткөн ишембиде Талибандын таяныч бекети катары эсептелген, Ооганстан менен чектеш Түштүк Вазирстан аймагын алардын жана “ал-Каиданын” базаларынан тазалоо операциясын баштаган. Армиянын ырастоосунда, андан берки уруштарда 78 согушкер жок кылынды жана тогуз жоокер каза тапты.

XS
SM
MD
LG