Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:19

Өкмөт башчылыкка Данияр Үсөнов көрсөтүлүшү мүмкүн


Парламенттеги "Ак жол" фракциясы премьер-министрликке Д. Үсөновду сунушташы ыктымалдыгын аталган фракциянын депутаты Бегаалы Наргозиев "Азаттыкка" билдирди. Кечээ бул партиянын саясий кеңеши жыйын куруп жаңы өкмөт башчылыкка учурда премьер-министрдин милдетин аткарып жаткан Игорь Чудиновдун, президент администрация башчысы Данияр Үсөновдун жана Бишкектин мэри Нариман Түлеевдин талапкерлигин карады. Депутат Б. Наргозиев Д. Үсөновдун иш тажрыйбасын эске алып, фракция бул талапкерди колдошу мүмкүн экенин айтты. 20-октябрда президент Курманбек Бакиев башкаруунун жаңы планын жарыялаган. И. Чудинов президент менен жолуккандан кийин өкмөт толук курамы менен кызматтан чегинген. (EBM)

XS
SM
MD
LG