Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:47

Ооганстанда шайлоокомдордун жарымынан көбү алмаштырылат


Райондук шайлоо комиссияларынын башычыларынын жарымынан көбү президенттик шайлоонун экинчи айлампасындагы бурмалоолорду алдын алуу үчүн алмаштырылары жөнүндө бүгүн БУУнун Кабулдагы кеңсеси билдирди. Ооганстанда 380дей район бар. БУУнун өкүлү Алим Сыддыкынын билдиргенине караганда, өкмөт дайындаган шайлоо комиссияларынын башчылары 200 райондо алмаштырылат.

Ооган президенти Хамид Карзай шайлоонун экинчи айлампасы өтшүнө кечээ макул болду.

Мунун алдында шайлоодогу укук бузуулар боюнча арыз –даттанууларды иликтеген, Улуттар уюму колдогон комиссия өз кортундусунда 20-августагы шайлоодо орун алган бурмалоолордун “ачык жана ишенимдүү далилдерин” тапканын белгилөө менен добуштардын бир бөлүгүн жокко чыгарган эле.

Шайлоонун 7-ноябрдагы экини айлампасында Карзай, мурдагы тышкы иштер министри Абдулла Абдулла менен атаандашат. Абдулла бүгүн анын командасы экинчи айлампада бурмалоолорго жол бербөө үчүн өзгөчө шарттар менен сунуштардын тизмесин түзүп жатканын айтты.

Ал эми Вашингтондон Ак үй билдиргендей, президент Барак Обама Ооганстандагы америкалык аскерлер санын көбөйтүү же көбөйтпөө маселеси боюнча чечимди 7-ноябрдагы экинчи айлампаны утурлай кабыл алуусу мүмкүн.

XS
SM
MD
LG