Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:22

А.Саипов боюнча эл аралык комитет билдирүү таратты


Журналисттерди коргоо боюнча эл аралык комитет кыргыз бийлигин көз карандысыз журналист Алишер Саиповдун өлүмү боюнча тергөө иштеринин жыйынтыктарын ачыктоого үндөдү. Баш кеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан Комитеттин билдирүүсүндө “Мындан туура эки жыл мурда Оштун борбордук көчөсүндө орун алган кылмыш журналисттер арасында коркуу сезимин күчөтүп, өкмөткө жана мыйзамга болгон ишенимди жоготту” деп айтылат.

Август айында ички иштер министри Молдомуса Конгантиев президент К.Бакиев менен жолугушканда Алишер Саиповдун өлүмү боюнча иш сотко өткөнүн билдирген. Белгисиз бирөөлөрдүн огунан каза тапкан Саиповдун өлүмүн иликтөөдө ар кыл божомолдор пайда болгон. Кыргызстандын Ички иштер министрлиги журналисттин өлүмүнө анын террордук делген Өзбекстандын Ислам кыймылы, Кыргызстанда тыюу салынган "Хизб ут-Тахрир" партиясы менен байланышы себеп болгондугу тууралуу билдирүү тараткан. Ал эми Саиповдун жакындары, бир катар бейөкмөт уюмдардан тарта абройлуу эл аралык уюмдар журналисттин өлүмү анын кесиби менен түздөн-түз байланышта экенин жана кыргыз өкмөтү бул каргашалуу окуяны кылдат изилдеп, кылмыштын бети ачыларына үмүттөрүн билдиришкен.

Соңку жылдарда Кыргызстанда журналисттер Алишер Саипов менен Алмаз Ташиев киши колдуу болуп көз жумду. Ал эми Кайрат Биримкулов, Чолпон Орозобекова, Жеңишбек Эдигеев, Турат Бектенов, Хабира Мадиева, Сыргак Абдылдаев сыяктуу бир катар журналисттер чет өлкөлөрдө качкын катары баш паанектеп жүрөт.

Белгилүү журналист Алишер Саипов 2007-жылы, 24-октябрда Ошто киши колдуу болуп өлтүрүлгөн. (ZMa)

XS
SM
MD
LG